Париждеги Олимпиадада 92 килограммга чейинки салмак категориясында бокс боюнча мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде желектер алмашып кетти. Бул туурасында чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Париждеги оюндардын коло медалын Испаниянын спортчусу Эммануэль Рейес менен тажикстандык Давлат Болтаев жеңип алышкан. Бирок сыйлык тапшыруу аземинде Тажикстандын желеги алмашып кетип, анын ордуна Таиланд өлкөсүнүн туусу көтөрүлүп калган.
Бул салмакта Олимпиаданын алтыны өзбекстандык Лазизбек Муллажоновга буйруган. Ал эми азербайжандык боксчу Лорен Альфонсо күмүш байгеге ээ болду.