Париждеги Жайкы Олимпиадада 125 килограммдык салмакта күч сынашкан кыргызстандык Айаал Лазарев коло үчүн түрк балбаны Таха Акгүл менен күрөшөт.
Спортчу 1/8 финалда Ирандык балбандан утулуп калган.
Көңүл жубатуучу беттеште канадалык Амарвир Дхесини 5:0 эсебинде утуп, 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Айта кетсек, беттеш бүгүн, 10-августта кечинде финалдык блокто орун алат. Бишкек убактысы боюнча саат 23:15те башталат.