Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Париждеги Олимпиада оюндарынын жарым финалында жеңилүү ызасын тартты.
76 килограмм салмакта жарым финалда Айпери Медет кызы америкалык Кеннеди Блейдс аттуу балбан менен кез келди. Кыл чайнашкан беттеште Айпери Медет кызы америкалык атаандашына 8:6 эсебинде жеңилип, финалга чыга албай калды.
Эми Айпери Медет кызы Париж Олимпиадасында коло байге үчүн беттешет. Бул беттеш эртең, 11-августта өтөт.