Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында медалсыз калды.
Эрназар Акматалиевдин Олимпиададагы жүрүшү ал жеңилген венгриялык Исмаил Мусукаевден көз каранды болчу. Венгриялык балбан финалга чыкса, Эрназар Акматалиев көңүл жубатуучу беттешке чыкмак.
Тилекке каршы Исмаил Мусукаев жарым финалда ирандык Рахман Амузадхалиге 10:0 эсебинде жеңилип калды.
Муну менен Эрназар Акматалиев Париж Олимпиадасындагы жүрүшүн жыйынтыктады.