Томас Бах Эл аралык Олимпиада комитетинин (МОК) президенти катары Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимп оюндарына акыркы жолу катышууда. Анткени ал кызмат ордун тапшырууну туура көргөн. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
"Менин мандатым Олимпиада хартиясында белгиленген мөөнөттөн ашпоого тийиш деген тыянакка келдим. Өзүмдүн терең ой жүгүртүүмүн жана кеңири талкуунун натыйжасында, анын ичинде үй-бүлөмдүн кеңеши менен бул чечимди кабыл алдым", - деген Бах Париждеги комитеттин 142-сессиясынын аягында. Ал 12 жылдан кийин жетекчиликтин алмашуусу уюмга пайда алып келээрин баса белгиледи.
Ал ошондой эле аткаруу комитетинен башчылыктын кийинки шайлоосун 2025-жылдын мартына белгилөөнү суранды. Жаңы президенттин кызматка киришүү күнү 2025-жылдын 24-июнуна белгиленди.
Айта кетсек, Бах биринчи жолу 2013-жылы 8 жылга, ал эми 2021-жылы кайра дагы 4 жылга Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы болуп шайланган.