Париж Олимпиадасынын алдында кыргыз суучулу Денис Петрашовго Олимпиада оюндарында Израилдин атынан чыгуу сунушу түшкөн. Бул тууралуу суучул акыркы маегинде айтты.
"Израиль эле эмес, Казакстандан дагы сунуш түшкөн. Официалдуу сүйлөшүү болгон эмес. Жөн гана биздин өлкөнүн атынан чыксаң болот деген сунуш болгон. Бирок мен өз өлкөмдүн патриотумун. Мен өз өлкөмдө өнүгүп, өскүм келет", - деди Петрашов.
Денис Петрашов Париж Олимпиадасында эки дистанция боюнча жарышка түшкөн. Биринчиси, 100 метр аралыкка брасс стилинде сууда сүзүү боюнча 35 спортчунун ичинен 23-орунду ээлеген.
Экинчисинде, 200 метр аралыкка сүзүүдө жарым финалга өтүп, ал жактан 16 спортчунун ичинен 14-болуп марага келген.