Бүгүн, 13-августа Париждеги Олимпиададан күмүш байге алган кыргыз мушкери Мунарбек Сейитбек уулу Бишкектеги эски аянттан билдирүү жасады.
Ал өз сөзүндө ата-энесине, президент Садыр Жапаровго, бокс боюнча машыктыруучуларга ыраазычылыгын айтты.
"Бул жалгыз эле менин эмес, бардыгыңыздардын жеңишиңиздер. Мүмкүнчүлүктөр болуп, бул орунга жеткениме кубанычтамын. Бардыгыңыздарга чоң рахмат!" - деди кыргыз мушкери.
Белгилей кетсек, бүгүн эски аянтта Париж шаарында өткөн XXXIII Жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчуларды сыйлоо аземи өттү.