Бүгүн, 13-августта Бишкектеги эски аянтта Париж Олимпиадасынан кайтып келген спортчуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Анда грек-рим күрөшү боюнча коло медалдын ээси Жоламан Шаршенбеков кезектеги Олимп оюндарында алтын медаль алууга бар күчүн жумшаарын айтты.
"Буюрса, келе жаткан 2028-жылкы Олимпиадада кыргыз элине бул Олимпиадада алып келе албай калган алтын медалга талыкпай, эмгектенип жетебиз деген чоң үмүт бар", - деди анда балбан.
Ошондой эле балбан машыктыруучуларына, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, кыргыз спортчуларынын жеңиштери менен куттуктады.