"Кейибегиле". Мээрим Жуманазарова Олимпиадада медаль ала албай калган спортчуларга ийгилик каалады (видео)

Бүгүн, 13-августта Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Париждеги Олимпиададан күмүш байге уткан Мээрим Жуманазарова кайрылуу жасады.

Ал учурда өлкөдө спортко жакшы көңүл бурулуп жатканын белгилеп, спортчулар эмгекти актап жатканын айтты.

"Биздин катарыбыздагы медаль албай калган уул-кыздар, кейибегиле. Кийинки Олимпиадада болушу мүмкүн. Бардыгыбыздын жолубуз ачык болуп, чоң ийгиликтерди жаратып жүрө берели", - деди Жуманазарова.

Ошондой эле спортчу айым өсүп келе жаткан жаш спортчуларга ийгилик каалады.

Белгилей кетсек, бүгүн эски аянтта Париж шаарында өткөн XXXIII Жайкы Олимпиадада өлкө намысын коргогон спортчуларды сыйлоо аземи өттү. Анда кыз-келиндер күрөшүнөн күмүш медалга ээ болгон Мээрим Жуманазаровага 10 миллион сом жана унаа берилди.

13.08.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан