Белгилүү кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында жаракат менен барып, коло байге утканын айтты.
Бүгүн, 13-августта өтүп жаткан маалымат жыйында балбан кыз кийинки Олимпиадага катышууга ойлонуу керектигин айтты.
"Азыр деле сүйүнүп, жеңиштин даамын татып жатам десем болот. Олимпиадада күрөшпөй каламбы деп да ойлогом. Тиземден жаракат алгам. Өзүм да таң калып жатам. Ушундай абалда коло байге алып келген мага да сыймык. Бара жатканда эч кимге деле айткан эмеспиз. Килемдин үстүндө аябай чарчаптырмын. Азыр дагы чарчап жатам. Үч айбы же жарым жылбы, мага ойлонууга убакыт керек", - деди Тыныбекова.