Кыргыз балбаны Акжол Махмудов Париж Олимпиадасынан кийин социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.
Анда Акжол Махмудов Париждеги сүрөттөрүн жүктөп, анын астына Кыргызстандын туусу менен жүрөкчөнү калтырды.
Бул билдирүүнүн астына Акжол Махмудовдун эзелки атаандашы, ирандык балбан Мохаммадали Гераеи дагы билдирүү калтырды. Анда ал "Акула чемпион!" деп жазды.
Мохаммадали Гераеи өзү Париж Олимпиадасына катышкан жок. Ал иниси күрөшүп жатканда калыска карай бөтөлкө ыргытканы үчүн Дүйнөлүк күрөш уюму аны спорттон 1 жылга четтеткен.