Бишкекте 22-23-август күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча Кыргызстан президентинин кубогу, II Дүйнөлүк чемпиондук болот. Бул туурасында кечээ, 14-августта дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Маалымдалгандай, мелдешке 35 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Жалпы байге фонду 1 миллион сомду түзөт.
Мелдештин биринчи күнү президенттик кубоктун алкагында алп күрөшү өтөт. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.
Курама команданын тизмеси:
Эркектер арасында:
- 60 кг Бакберди Туратбек уулу, Сыматбек Алымбеков;
- 66 кг Арлен Эстебесов, Бекболсун Сатканкулов;
- 72 кг Бекбай Мамбетказиев, Малик Төлөгөнов;
- 78 кг Хабибулло Тынчтыкбек уулу, Айболот Аманов;
- 84 кг Азизхан Мусабек уулу, Анвар Муратбек уулу;
- 90 кг Айдар Ботбаев, Баястан Идирисов;
- 96 кг Ноорузбек Мирланбеков, Асанкелди Нускасым уулу;
- +96 кг Ороз Алмазбеков, Бактияр Мирлан уулу.
Кыз-келиндер арасында:
- 60 кг Бегай Бешенаалы кызы, Бегайым Акбалаева;
- 65 кг Аземи Камчыбекова, Айдана Кубанычбекова;
- +65 кг Назира Арзыбекова, Айкөл Зияпова.
Курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Кожобеков жана улук машыктыруучу Азизбек Айтмурза уулунун жететчилиги алдында мелдешке катыша тургандыгы маалыматта кошумчаланган.