Кыргызстандын спорттук күрөш (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча өспүрүмдөр (U-17) курама командасынын мүчөлөрү Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул туурасында бүгүн, 19-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, мелдеш 19-25-август күндөрү Иорданиянын Амман шаарында орун алат.
Жалпы курамада 23 балбан өлкө намысын коргойт. Алардын бешөө кыздар. Ошондой эле аларды 3 машыктыруучу коштоп барат.
Эркин күрөш боюнча курамдын тизмеси:
- 45 килограмм Садыр Кайыпбеков;
- 48 килограмм Эрбол Болотов;
- 51 килограмм Марлен Абдраимов;
- 55 килограмм Курсантбек Исаков;
- 60 килограмм Өмүрбек Асан уулу;
- 65 килограмм Рустамжан Кахаров;
- 71 килограмм Нурсадык Нурдинов;
- 80 килограмм Самидулло Алимжанов;
- 92 килограмм Фарух Момунжанов;
- Азат Мирахимов, улук машыктыруучу.
Грек-рим күрөшү боюнча курамдын тизмеси:
- 45 килограмм Бекжан Бейшембаев;
- 48 килограмм Барсбек Өзүбеков;
- 51 килограмм Кутман Калбаев;
- 55 кмлограмм Эмир Эмилов;
- 60 килограмм Нурбек Жумабаев;
- 65 килограмм Нурсултан Адылбеков;
- 71 килограмм Ильгиз Каныбеков;
- 80 килограмм Жоомарт Ашимов;
- 92 килограмм Асек Заирбеков;
- Дастан Мухтаров, улук машыктыруучу.
Кыздар күрөшү боюнча курамдын тизмеси:
- 46 килограмм Акак Мамбетсадыкова;
- 49 килограмм Феруза Акматбекова;
- 53 килограмм Диана Амантурова;
- 57 килограмм Камила Күмүшбекова;
- 73 килограмм Айсанат Калмаматова;
- Билимбек Капарбек уулу, улук машыктыруучу.