Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын өспүрүмдөр курама командасы (U-17) дүйнөлүк чемпиондукта өз оюнун жыйынтыктады. Бул мелдеште кыргызстандык эки балбан медалга ээ болду.
Кутман Калбаев 51 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш медалдын ээси болсо, Бекжан Бейшембаев 45 килограммга чейинки категорияда коло байге утту.
Жыйынтыгында улук машыктыруучу Дастан Муктаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр командасы 33 өлкөнүн ичинен жалпы командалык эсепте 8-орунду ээледи.
Грек-рим күрөшү боюнча курамдын тизмеси:
- 45 килограмм Бекжан Бейшембаев;
- 48 килограмм Барсбек Өзүбеков;
- 51 килограмм Кутман Калбаев;
- 55 килограмм Эмир Эмилов;
- 60 килограмм Нурбек Жумабаев;
- 65 килограмм Нурсултан Адылбеков;
- 71 килограмм Ильгиз Каныбеков;
- 80 килограмм Жоомарт Ашимов;
- 92 килограмм Асек Заирбеков;
Белгилей кетсек, Кыргызстандын атынан грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү боюнча дүйнө чемпиондугуна 23 балбан кеткен. Мелдеш 25-августка чейин Иорданиянын Амман шаарында орун алат.