Өлкөнүн эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү
Марлен Абдраимов Иорданияда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда коло медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Ага ылайык, балбан 51 килограммга чейинки салмак категориясында катышып, алгач 1/16 финалдык беттеште түркмөнстандык Даган Гуванчмырадовду 4:0 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште Орусиянын балбаны Лилица Владиславды 11:0 эсебинде утту.
Чейрек финалдык беттеште Азербайжандын балбаны Мухаммед Исмаиловду 4:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
"Ал жарым финалдык беттеште америкалык Доменик Мунареттого 1:5 эсебинде утулган. Коло медаль үчүн беттеште Өзбекстандын балбаны Озодбек Алийоновду 17:6 эсебинде жеңди", - деп жазылат анда.