"Бейиш – эненин таманында" тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байге алды

Режиссёр Руслан Акундун "Бейиш – эненин таманында" тасмасы Москванын XIII эл аралык "Будем жить" кинофестивалынын баш байгесин алды. Иш-чара 25-августта Москва шаарындагы Борбордук кино үйүндө өткөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул тасма «Мыкты оператордук иш» номинациясында да сыйлык алган (оператор Каныбек Калматов).

Фестивалда “Мыкты тасма”, “Мыкты режиссёрдук иш (толук метраждуу тасма)”, “Мыкты оператордук иш (толук метраждуу тасма)”, “Мыкты эркектин ролу (көркөм тасма)”, “Мыкты актриса” номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталган.

Белгилей кетсек, быйыл эл аралык фестивалга катышууга 15 өлкөдөн (Орусия, Беларусь, Иран, Кыргызстан, Өзбекстан жана башка) 400дөн ашык эмгек жөнөтүлгөн. Сынактын программасына толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм жана даректүү фильмдер кирди.

Маалымат үчүн: “Будем жить” эл аралык фестивалы Москва шаарынын маданий турмушундагы негизги иш-чаралардын бири болуп саналат. Ал жыл сайын борбор калаанын түрдүү жайларында өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан