25-августта Швециянын Гетеборг шаарында 2024-жылкы жеңил атлетика боюнча мастерлердин дүйнөлүк чемпиондугу (WMAC) жыйынтыкталды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
90 жаштагы Раднаа Цэрэн Омноговь облусунун (Монголия) Баяндалай айылынын тургуну 90-95 жаштагылар арасында жеңил атлетика боюнча мастерлердин дүйнөлүк чемпиондугунда 100, 200, 400, 800, 1500 метрге жана үч жолу секирүү боюнча жеңишке жетти.
Анда 90 жаштагы Раднаа Церен 400 метрге жарышта 4 жөө күлүктүн ичинен биринчилерден болуп саат 1 саат 29 мүнөт 15 секундада марага жетип келген.