Корей тасмаларынын сүйүүчүлөрүн өзүнүн сүйкүмдүү жылмаюусу менен өзүнө тарткан Пэ Ён Жун бүгүн, 29-августта 52 жашка толду. Бул жолу "Кыш сонатасынын" башкы каарманы, белгилүү актёр тууралуу баяндайбыз.
Өмүр баяны
Түштүк кореялык белгилүү актёр, продюсер жана ишкер 1972-жылы 29-августта Сеулда туулган. Үй-бүлөдө эң улуусу. Анын иниси жана карындашы бар. Ал 6 жашынан тарта таэквондо жана дзюдо менен машыккан.
Актёр 2000-жылы мектепти аяктагандан кийин Sungkyunkwan университетине продюсер болуу үчүн тапшырган. Бирок ал окуусун аягына чыгарбай, таштап кеткен.
Чыгармачылыгы
Ал 1994-жылы "Кош келдиң, сүйүү" телесериалында дебют жасаган. Ён Жун тез эле популярдуулукка ээ болуп, туура бир жылдан кийин "Жаштардын күнөстүү жери" дорамасында роль жараткандан кийин "Экинчи пландагы эң мыкты актёр" наамын жеңип алган.
1990-жылдарда Пэ Ён Жун роль жараткан "Ата" жана "Биринчи сүйүү" тасмалары 65,8 пайыз көрүүчүлөрдүн санын жыйнаган. Ошондой эле ал "Жылаңаяк күндөр" жана "Биз бири-бирибизди чындап сүйөбүзбү?" аттуу дорамаларында да роль жараткан.
2001-жылы Пэ Ён Жун "Хотельер" сериалынын тартылышына чакырылган. Анда ал ишкердин ролун жараткан.
Ал эми 2002-жылы ал актриса Чой Жи У менен бирге "Кыш сонатасы" романтикалык мелодрамасында роль жаратат. Актёрго чыныгы атактуулукту дал ушул дорама алып келет. Сериал Кореяда гана эмес, жалпы Азия боюнча болуп көрбөгөндөй популярдуулукка жетет. Статистикалык маалыматтарга караганда, сериалды Японияда эле калктын 20 пайыздан ашыгы көргөн. Эксперттер "Кыш сонатасынын" ийгилигинен кийин башка корей тасмалары жана сериалдары да чоң популярдуулукка ээ боло баштаганын айтышат.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин актёр тасмага тартылууну токтотуп, ресторан ишкерлиги менен алектене баштаган. Ал Кореяда абдан популярдуу болгон бир нече ресторан жана кафелерди ачкан. Пэ Ён Жун "Горилла" туура тамактануу ресторанынын жана Кореянын салттуу "Госир" ресторанынын негиздөөчүсү. Актёр Японияда көп иштегендиктен, ал өзү жасаган бенто рецебин саткан бир нече чакан дүкөндөрдү ачкан.
2006-жылы ал 34,6 пайыздык акцияга ээлик кылып, "KeyEast" агенттигинин негизги акционери болуп, Кореядагы эң бай атактуу адамдардын бири катары таанылган. Анын кирешеси жыл сайын болжол менен 128 миллион долларды түзгөн (2015-жылга карата). "KeyEast" компаниясынын жетекчилеринин көбү Пэ Ён Жун менен он жылдан ашык иштешкен.
2007-жылы актёр телевидениеге кайтып келип, "Асман Теңиринин төрт сакчысы жөнүндө легенда" драмасында роль жараткан. Бул тасмада Пэ Ён Жун 217 миң доллар гонорар алып, кореялык оюн-зоок индустриясынын тарыхындагы эң көп маяна алган кореялык актёрго айланган.
Жеке жашоосу
Пэ Ён Жунду жакын санаалаштары шайыр, токтоо мүнөзү менен баалашат. Актёр жеке жашоосун дагы көпчүлүккө жарыялай бербейт.
2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын февраль айына чейин Пэ Ён Жун "LS Industrial Systems" агенттигинин директорунун орун басары Гу Сохинин кызы менен сүйлөшүп жүргөн. Бирок 2015-жылдын май айында Пэ актриса Пак Суджин менен баш кошкон. Актёрлор ошол эле жылдын 27-июнунда расмий түрдө мамилелерин мыйзамдаштырышкан. Пак Суджин никесиз кош бойлуу болгондугу үчүн жубайлар бат эле баш кошушкан деген кептер тараган, бирок кийинчерээк бул кептерди эки тарап тең четке каккан.
2016-жылдын апрель айында актёрдун жубайы кош бойлуу экени белгилүү болгон. Ошол эле жылдын октябрь айында жубайлар уулдуу болушкан.
Кызыктуу фактылар
Пэ Ён Жун Түштүк Кореядагы гонорары эң кымбат актёрлордун бири болуп саналат.
Пэ Ён Жун бир эле тасмадагы ролу гана эмес, жазган китептери менен да таанымал. Анын "Корей сулуулугун издөө" аттуу китеби бир ай ичинде эле бүткүл дүйнөлүк алкышка ээ болуп, өлкөдөгү эң популярдуу китептердин тизмесине кирген. Мындан тышкары аталган китеп япон тилине которулуп, Япониянын китеп дүкөндөрүндө заматта бестселлерге айланган. Китептин популярдуу болушунун себеби, анын чет элдик окурмандарга автордун ой-пикирин өтө жөнөкөй жана кызыктуу формада берүүсү болгон. Бул китеп Корей өлкөсүнүн маданиятына кызыккандар үчүн Корея боюнча эң сонун колдонмо болуп саналат.
Ошондой эле бул китеп кытай тилине да которулуп, эң көп окулган китептердин сап башына чыккан. 2010-жылы ал "Жылдын китеби", "Жашоо стили" категориялары боюнча сыйлыкка ээ болгон.