Париж шаарында Паралимпиада оюндарынын ачылыш аземи болуп, анда Кыргызстандын делегациясы параддан өттү.
Паралимпиада оюндары бүгүн, 29-августтан баштап 8-сентябрга чейин өтөт. Бул оюндарга 4400дөй спортчу катышат. Алардын арасында Кыргызстандын 4 спортчусу бар.
Кыргыз спортчулары жеңил атлетика, триатлон, дзюдо жана пауэрлифтинг боюнча мелдештерге катышат.