Германия улуттук курамасынын мурдагы футболчусу, теги түркиялык Месут Озил Стамбулдагы Шемси Ахмет-Паша мечитин тазалады. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Күбөлөрдүн айтымында, Озил мечитке намаз окуу үчүн кирип, намаздан кийин мечиттегилер уюштурган ишке кошулган.
Месут Озил Германияда түрк үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ал "Арсенал" жана "Реал Мадрид" сыяктуу атактуу клубдарда ойногон. 2014-жылы Германиянын курамында дүйнө чемпиону болгон.