"Дубай, Түркияда пляжда эс алсам болмок, бирок мага басып, чуркаган жагат" дейт 64 жаштагы Жыпар айым (маек)

Жыпар Керималиева дээрлик 25 жылдан бери треккинг менен алектенет. 64 жаштагы Жыпар айым отуз беш өлкөнү кыдырып, Килиманжаро баштаган тоолорго чыгып, жүрүш жасап келет. Каарманыбыз спорт менен машыгуунун жашы да, чеги да жок деп эсептейт. Ал SUPER.KG порталына сергек жашоо образын айтып берди.

"35 өлкөгө бардым"

– Чүйдүн Жайыл районунун Сары-Булак деген айылынан болом. Кесибим боюнча дарыгермин, 40 жылдан бери бул багытта эмгектенип келем. 25 жылдан бери треккинг менен алектенем. Кичинемден эле тоого жакын болуп чоңойдум. Өзүм жалгыз тоого кетип калчумун, үйүбүз тоонун түбүндө болчу. Атам менен бийик тоого чыкканымда узун жолду көрүп, "ушул жол кайда алып барат болду экен, мен ушул жол менен барамбы?" деп көп ойлончумун. Ал Сосновкадан Ошко алып бара турган жол экенин кийин билдим. Чындыгында, андай жолдун далайын көрдүм. Бүгүнкү күндө 35 өлкөгө бардым, кандай гана жерлерди көргөн жокмун. Атам Жек Лондондун чыгармаларын окуп берчү. Ошондон улам китепти көп окуптурбуз. Классиктердин, фантаст жазуучулардын чыгармаларынан таасирленип, ушундай кыялкеч болсом керек.

Кичинемде өжөр болчумун. Жасап жаткан ишти бүтмөйүнчө тура алчу эмесмин. Мисалы, талаада жердин жарымын казып салыш керек дегенде, түн болсо дагы казып бүтүрчүмүн. Геолог болгум келчү, азыр тоого чыкканым да ошондон го деп ойлоп коём.

Бир кыз, бир уулум бар. Экөө тең спорт менен машыгат. Ата-эне балдарына күзгү деп ойлойм. Алар эмне кылса балдары да ошол нерсени туурайт. "Баланы тарбиялоодон мурун өзүңдү тарбияла" дегенге кошулам.

"Шарт жок деп чуркабай койбойм"

– Үйүбүздүн жанында мектеп бар, ичиндеги стадиондо чуркайбыз. Жолдошум күндө чуркайт. Шарт жок же атайын спорт залга барыш керек дебей эле ушул жерден чуркай беребиз. Жарым сааттай жүгүрүп, үйдөн эртең мененки тамакты ичип, жумушубузга жөнөйбүз. Эртең менен эрте туруп чуркасаң, күнүң да сонун өтөт. "Канчалык эрте турсаң, Кудай ошончолук берет" деп бекеринен айтпаса керек. Менин деле маанайым жок болуп, спорт менен машыкпай калган күнүм болот. Кечинде өзүмө отчёт берем. "Кечке кино көрдүң, сен жамансың" дейм. Эртеси кайра чуркап баштаганда эле сонун күн башталат.

"Алты миң метр бийиктиктеги тоодо болдум"

– "Ден соолук үчүн тоого барам" деп деле айтпайм. Анткени бала кезимден эле тоону жакшы көрчүмүн, кайсы гүл кайсы жерде өсөрүн билчүмүн. Тоого чыксам маанайым ачык болот, өзүмдү жакшы сезем. "Эртеси кантип чарчабай жумушка келесиз?" деп сурап калышат. Тоого чыксаң тескерисинче көп энергия аласың, ошол бир жумага чейин жетет. Кимдин маанайы чөгүп жатса тоого барсын демекчимин. Чыңгыз Айтматовдун "биз, кыргыздар, тоолордун арасында жашайбыз" дегени бар го, чындап эле биздин тоолорго алыскы өлкөлөрдөн бери келишет. Тоолорубуз баарыныкынан кооз. Көп өлкөнүн тоолорунда болдум. Япониянын Фудзияма, Тибеттин Кайлас, ошондой эле Чоң жана Кичине Памир тоолоруна чыктым. Быйыл альпинист Эдуард Кубатов менен Африканын 6000 метр бийктиктеги Килиманжаро тоосуна чыгып келдим. Ошол учурда жамгыр, кар жааган, бирок ал тоскоолдук жараткан жок. Тескерисинче көңүлүң көтөрүлөт. Албетте, ар бир тоого чыгып баратканда кыйналасың. Ага күч, өжөрлүк керек. "Тоого чыкканда сизге жетпейт экенбиз" деп калышат жаш балдар. "Мага жетүүнүн кажети жок, өзүңдүн деңгээлиңе жараша чыгасың, мен көп жылдан бери басып жүрөм" деп коём. Ооба, менден да көп баскандар бар.

"Жаштардан көп сын угам"

– Инстаграм баракчама тоого чыккан, чуркаган видеолорум менен бөлүшүп турам. Кээ бир жаштар "сен кемпирсиң, эмнеге чуркап, тоого барасың, ал жерден өлүп калышың мүмкүн" деген сыяктуу билдирүүлөрдү калтырышат. "Ата-энең да, өзүң да чурка, бул ден соолук үчүн пайдалуу" деп жооп берем. Ооба, Дубай, Түркияда пляжда эс алсам болмок, бирок мага басып, чуркаган жагат. Эми мындай билдирүүлөрдү хейт деп деле кабыл албайм. Бир жагынан мага сарсанаа болушканы деп ойлойм.

"Жолдошум мага үлгү"

– "Сенин акчаң бар, байсың да" деп көбү айтат. Андай эмес, анын баарына бара-бара жеттик. Жолдошум заводдо иштеп жүргөндө бронх астмасы менен ооруп калган. Спорттун, чуркоонун аркасында азыр абалы жакшы. Аны дарыгер катары карабайм деле, өзүн-өзү контролдойт. Бул аракети менен мага үлгү берет.

"Тоого чыгуу - турмуштун жолуна чыккандай"

– Тоого чыгуу – турмуштун жолуна чыккандай. Бир дөңгө чыгып алсаң эле жеңил болуп калат деп ойлойсуң. Бирок андан башка да дөң бар, анда башка кыйынчылык болот. Ошентип жатып тоого чыгасың. Бир эле жерге токтоп калбаш керек, турмушта да ушундай. Ошондуктан тоого чыгууну жумушумдагы, бизнестеги кыйынчылыктарга салыштырам.

"Үйдөн да чуркап, йога менен машыгам"

– Күндүн көзү бузулганда үйдөн чуркайм. Балам чуркоо аппаратын белекке берген. Бирок сыртта чуркаган аябай жеңил. Үйдөн тез эле чарчап, демигип каласың. Тоого чыкканда андай чарчабайсың.

"Маданий буюмдарды чогултуу жагат"

– Тоого чыккандан сырткары сүрөт тартам, короомо гүл өстүргөндү жакшы көрөм. Башка өлкөлөрдүн маданиятына кызыгып, алардын улуттук буюмдарын чогултам. Лыжа да тебем.

"Алтын, көйнөк кызыктырбайт"

– Жакында 65 жашка чыгам. Бирок өзүмдү 65 жаштагыдай ойлобойм. Кээде шашып 55темин деп алам. Мени көйнөк, алтын, жасалгалар кызыктырбайт. Балдарым да муну билишип, андай белектерди алып беришпейт.

"Кыймылдын баары бирдей эмес"

– Сапаттуу жашоо үчүн дайыма кыймылда болуш керек. Кээ бирөө "үй жыйнап кыймылдайм, баланы карайм" деши мүмкүн. Бирок андай эмес. Активдүү кыймыл керек, тердеп кыймылдаган да маанилүү.

Медицинаны тандаганыма абдан бактылуумун. Адам өзүнүн эмгегин, убактысын бирөөгө тартууласа, анда ал бактылуу экенин эми түшүндүм.

"Алты миң метр бийиктиктеги тоодо болдум" дейт 64 жаштагы Жыпар айым
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан