8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында татар күрөш (куреш) боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 4 спортчу өлкө намысын коргойт.
Курама команданын тизмеси:
- 65 килограмм Марлен Абдрасулов;
- 75 килограмм Манас Үсөнов;
- 90 килограмм Муктарбек Мунарбеков;
- + 90 килограмм Баяман Мыктыбеков;
Курама команданы машыктыруучу Алимбек Абдыжапаров жетектейт.