Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында эр эңиш боюнча мелдештер өтөт. Анда өлкөнүн атынан жалпы 6 спортчу катышат.
Дене тарбия жана спорт департаменти кыргыз курама командасынын тизмесин жарыялады:
- 60 килограмм Жекшенбек Турдубеков;
- 70 килограмм Бекмурза Токтошев;
- 80 килограмм Калыбек Бусурманкул уулу;
- 90 килограмм Ислам Бердибек уулу;
- 100 килограмм Турдукул Абдрахманов;
- +100 килограмм Күмүшбек Кыдыралиев.
Курама команда машыктыруучу Нурлан Турдубаев жетекчилиги алдында мелдешке катышат.