Президенттин администрациясы, мининистрлер кабинетинин өкүлдөрү "Ынтымак-Ордого" 10-сентябрга чейин толук көчүп келишет. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев бүгүн, 31-августта билдирди.
"Имараттын курулуш иштери 2022-жылы 12-апрелде башталган. Кыргызстандагы жана Түркиядан келген дизайнерлер, профессионалдуу инженерлер иштешти. Имараттын жалпы аянты 39 700 чарчы метр. Акча каражаты боюнча толук эсептелип бүткөн соң маалымат беребиз" деди Туманбаев.
Туманбаев имаратты курууда 3 миңден ашык куруучу иштегенин, курулушта сапаттуу материалдар колдонулганын кошумчалады.