Франциянын Париж шаарында өтүп жаткан XVII Жайкы Паралимпиада оюндарында паражеңил атлетика боюнча мелдеште Гүлназ Жүзбаева 1500 метр аралыкта чуркап өттү. Бул тууралуу Олимпиада оюндарынын сайтында көрсөтүлөт.
Ага ылайык, спортчу (коштоп жүрүүчү - Юлия Фернас) 1,5 чакырым аралыкты 6 мүнөт 36 секунд 25 миллисекундда чуркап өттү.
Белгилей кетсек, Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августта старт алды. Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрү боюнча катышууда. Жалпысынан 549 медаль топтому ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрга чейин уланат.