8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү жана жер улактан (көкпар) өлкө намысын 24 улакчы коргойт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Жер улак (көкпар) боюнча улуттук курама команданын тизмеси:
- Жолдошбек Орозбаев;
- Эрлан Төлөбеков;
- Дастан Сагынбек уулу;
- Кушчубай Илич уулу;
- Манас Ниязов;
- Өмүрбек Эсен уулу;
- Эмирлан Жеңишбеков;
- Кубаныч Султан уулу;
- Ильяз Исаков;
- Майрамбек Рыспеков;
- Эрсултан Айдаркан уулу;
- Ырыскелди Анатаев;
- Каныбек Кубатов машыктыруучу.
Көк бөрү боюнча курама команда:
- Рустам Тыналиев;
- Дастан Русланов;
- Нурдин Болотбеков;
- Кыязбек Ниязов;
- Сейитбек Анарбек уулу;
- Арген Абдылдаев;
- Тойчубек Жыргалбек уулу;
- Нуржан Мелисбек уулу;
- Фархатбек Бейшекеев;
- Искак Бекболот уулу;
- Бексултан Абдукалил уулу;
- Эржан Тургунбаев;
- Жолдошбек Орозбаев машыктыруучу.
Белгилей кетсек, Кыргызстан ДКОнун демилгечиси болуп саналат. Оюндар алгач үч ирет, тагыраагы, 2014-16-18-жылдары Чолпон-Атада өткөн. Ал эми төртүнчүсү Түркияда өткөрүлгөн болчу.