Уругвайдын улуттук курама командасынын жана америкалык "Интер Майами" клубунун чабуулчусу Луис Суарес улуттук курамадан кетерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"37 жаштагы футболчу пресс-конференция учурунда 7-сентябрда боло турчу Парагвайга каршы оюндан кийин Уругвай курама командасынан кетүүнү пландап жатканын билдирди. Ал сүйлөп жатканда толкунданып, көзүнө жаш алган", - деп айтылат маалыматта.
Суарес 2007-жылдын 8-февралында Уругвай курамасында дебют жасап, 17 жылын бул командага арнаган. Ал 2011-жылы Аргентинада өткөн Америка Кубогунда команданы жеңишке жеткирген.
2011-жылы 24-июлда турнирдин финалында Луистин командасы Парагвай курамасы менен беттешкен. Жаш Суарес беттеште биринчи голун киргизген. Ошондой эле анын катышуусунда команда 2024-жылы АКШда өткөн Америка Кубогунда коло байгеге ээ болгон.