Кыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрүү пункту ачылды

Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик чек арасындагы “Бедел” өткөрүү пункту ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, ачылыш аземге суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз баштаган эки тараптын делегация мүчөлөрү катышты.

Иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен КЭР Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, КЭР СУАР Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун видео кайрылуусу болду.

Анда Жапаров бул иш-чараны ишке ашыруу эки мамлекет башчыларынын макулдашуусунун аркасында мүмкүн болгонун жана кыргыз-кытай мамилелеринин тарыхынын жаңы барагы ачылганын билдирди.

"Бедел” өткөрүү пункту жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте убактылуу шарттарды түзүү менен ачылышы болду. Анда электр чубалгылары тартылган, өткөрүү пунктуна алып барган “Барскоон-Учтурфан-Аксу” унаа жолунун 58 чакырымына убактылуу жол салынып, көпүрөлөр курулган.

Ал эми толук кандуу эл аралык стандарттарга ылайык, унаа жолу, бажы жана чек ара инфраструктурасын түзүү 2027-жылга чейин эки тараптуу биргелешип ишке ашырылат. Ошондой эле эки жылдын ичинде “Цемент-Там” участогунда толук кандуу заманбап инспекциялык текшерүү комплексинин курулушу пландалууда" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан