Испаниянын Понтеведра шаарында 20 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат. Анда грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Самаган Ормонов коло медаль тагынды.
Ормонов 130 килограмм салмак категориясында катышып, 3-орун үчүн беттеште армениялык балбанды жеңип алды.
Белгилей кетсек, спортчу алгач 1/16 финалында чехиялык балбанды жеңип, 1/8 финалдык баскычында ирандык атаандашына жеңилип калган. Ирандык балбан финалга чыккандыктан Ормонов коло үчүн жубатуучу беттешке чыгуу мүмкүнчүлүгүн алып, атаандашы азербайжандык балбанды уткан болчу.