Аламүдүндө кыска мөөнөттүү 5 бала бакча иштеп баштады

Чүйдүн Аламүдүн районунда кыска мөөнөттүү 5 бала бакча иштеп баштады. Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.
Алардын ичинен үчөө Васильевка, Виноградное, экөө Арашан, Таш-Дөбө айылдарында ачылды.
Бала бакчаларды ачуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ишке ашты.
Аламүдүн району боюнча жалпы кыска мөөнөттүү 11 бала бакча түзүлүп, калган объекттер жыл аягына чейин бүткөрүлмөкчү.
Маалымат үчүн: Кыска мөөнөттүү бала бакчада балдар 3 саат болушат, аларды өнүктүрүүгө мамлекеттик стандарттын негизинде жетиштүү убакыт бөлүнөт. Болгону уйку жана тамак берүү каралган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан