Учурда Бишкектин борбордук аянтында Иран-Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин бирге көрүүгө күйөрмандар үчүн фан-зона өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Кыргыз курамасы Исфахан шаарынын (Иран) "Фуладшехр" стадионунда ойнойт.
"Беттеш саат 22:00 старт алат, ага чейин фан-зонада чогулган көрүүчүлөр атайын шоу программага катышууда. Акшумкар курамасынын оюнун күткөн 8000 жакын күйөрман жана борбор калаа жашоочулары чогулду", - деп айтылат маалыматта.