Бүгүн, 8-сентябрда мамлекеттик туунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Жунушев, жакындары жана замандаштары катышты.
Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.
Эске салсак, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.