Паралимпиада оюндары: Миргүл Болоталиева 8-орунду ээледи

Кыргызстандык спортчу Миргүл Болоталиева Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча 8-орунга жайгашты. Бул тууралуу Олимпиаданын сайтында көрсөтүлөт.

8-сентябрда өткөн мелдеште спортчу 86 килограмм салмак категориясында катышып, 96 килограмм салмакты көтөргөн. Бул салмак категориясында жалпы 10 спортчу ат салышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Паралимпиада оюндардарында жөө күлүк Гүлназ Жүзбаева, триатлончу Айтунук Жоомарт кызы, жана дзюдо боюнча Маматибраим Суранов мелдешке чыгышкан.

Жайкы Паралимпиада оюндары 28-августта старт алган. Мелдештерге 182 өлкөдөн келген 4400 спортчу 22 спорттун түрү боюнча катышты. Жалпысынан 549 медаль топтому ойнотулуп, иш-чара 8-сентябрда аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан