Алагөзов элди дин маселесине байланыштуу чагымчыл билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырды

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарандарды дин маселесине байланыштуу ар кандай "чагымчыл сурамжылоолорду" кылбоого чакырды. Ал бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Алагөзов жарандык активист Эртай Искаковдун Фейсбуктагы постун мисал кылган.
"Урматтуу достор, ушул сыяктуу чагымчыл билдирүү, сурамжылоолорду токтотуу керек. Дин маселеси өтө сезимтал. Мындай бурмалоолорго жол берүү “от менен ойногонго” тете. Биринчиден, өлкөдөгү дин чөйрөсүн жалпы жонунан жөнгө сала турган мыйзам долбоорун “дааватка каршы” деп атоо туура эмес. Экинчиден, мыйзам долбоорун дин чөйрөсүндө мыкты түшүнүгү, илими бар аалымдар күн алыс чогулуп кеңири талкуулап, өздөрүнүн сунуштарын беришүүдө. Андыктан коомчулукту дин маселесине байланыштуу чагымчыл, так эмес билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырам", - деп жазды Алагөзов.
Белгилей кетсек, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия динге байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору 30-августта коомдук талкууга коюлду.
Анда коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга тыюу салуу каралган.
Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салынат. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Диний окуу жайдан тышкары диний сабактарды жекече окутууга жол берилбейт.
Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып пул салуу каралган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан