Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын улуттук курама командаларынын футбол беттешин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо көрдү. Бул туурасында өлкө башчынын администрациясынан билдиришти.
Бишкекте 10-сентябрда орун алган оюн 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун алкагында өттү.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Өзбекстанга 2:3 эсебинде утулуп калды.