Кыргызстанда криптовалютанын өнүгүшү менен ишенчээк адамдардан пайда көрүүгө аракет кылган чабуулчулардын саны да көбөйдү. Алдоо ыкмалары күн санап өсүп жатат. Бул жайда кеңири таралган схемалардын бири уурдалган же жоголгон каражаттарды кайтарып берүүгө жардам болуп саналат. «Кейджи блокчейн солушенс» ЖЧКсынын адиси Ренат Алеев шылуундардын тармагына илинүүдөн кантип сактануу керектиги тууралуу айтып берди.
Схема кантип иштейт?
Социалдык тармактарда ар кандай митаам инвестициялык брокерлердин эсептеринен акча каражаттарын кайтарууга жардам берген айрым компаниялардын жарнактарын көбүрөөк көрүүгө болот. Бул маалыматтык илмектин максаттуу аудиториясы – акчасын жана аларды мыйзамдуу түрдө кайтарып келүүсүнө үмүтүн жоготконадамдар.
«Алдамчылар адатта, өздөрүн санариптик активдерди кайтарып берүүчү адвокаттар, юристтер, криптовалюталар боюнча адистер же компаниялардын кызматкерлери катары көрсөтүшөт. Алар жабыркагандардын ишеничине толугу менен кирип алууга аракеттенишет. Алар үчүнчү жактын крипто эсебинде алардын каражаттары табылып, тоңдурулганын билдиришет. Тастыктоо катары, алар реалдуу балансы бар капчыкты көрсөтөт. Акча каражаттарын кайтарып берүү процессин баштоо үчүн жабырлануучудан «иш кагаздарды даярдоо», «кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө» же «күзөт депозити», «өздүгүн верификациялоо», «чыгарып алуу үчүн комиссия», «ВИП статусу» үчүн сумманын аз бөлүгүн которууну сурашат. Адатта бул жоголгондун 5-15 пайызын түзөт. Албетте, каалаганын алгандан кийин, алдамчылар дагы маселени табы чыгып бир нече акчаны кайра салууну сурап же ошол замат жок болуп кетишет», - дейт эксперт.
Потенциалдуу жабырлануучуну бардык мүмкүн болгон амалдарды колдонуп, көпкө чейин көндүрүүгө аракет кылышат. Алар жабырлануучуну ниети олуттуу экенине ынандыруу үчүн көбүнчө жалган документтерди, жасалма чектерди, банктардан же жергиликтүү көзөмөл органдарынан маалым каттарды беришет. Баарлашууда көптөгөн атайын терминдерди колдонуп мыйзамдуулуктун жана кесипкөйлүктүн элесин жаратышат.
«Сүткө күйүп, сууга үйлөп жатышат. Бирок, тилекке каршы, бул сөз шылуундардын курмандыктарына дайыма эле тиешелүү боло бербейт. Чоң суммадагы акчасын жоготкон адамдар социалдык түйүндөрдөгү мындай жарнактарды көрүп, ишенип, псевдо-адвокаттардын акысын төлөп, жоготкондорун кайтарып алуу үчүн кредит алып, карызга батып жатышат. Натыйжада алар эки жолу алданып, кошумча каржылык чыгымга учурап жатышат», — деп түшүндүрөт Ренат Алеев.
Кантип коргонуш керек?
Кыраакылык – алдамчылыктан коргонуунун биринчи жана негизги эрежеси деп ишендирди эксперт. Социалдык тармактарда жана жашыруун телеграм каналдардагы жарнамаларга ишенбеш керек.
«Эгер сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, укук коргоо органдарына кайрылыңыз. Тиешелүү лицензиялары жана иш жүргүзүүгө мыйзамдуу укугу бар чыныгы юристтен кеңеш алыңыз. Кыргызстанда санариптик активдер чөйрөсү 2022-жылдын 1-январында кабыл алынган «Виртуалдык активдер жөнүндө» Мыйзам менен жөнгө салынат. Бул бардык негизги түшүнүктөрдү, виртуалдык активдердин жүгүртүү өзгөчөлүктөрүн, ишмердүүлүктү мамлекеттик жөнгө салуу принциптерин жана башка көптөгөн нерселерди камтыган фундаменталдык документ», - деп баса белгилейт маектеш.
Алданып калбаш үчүн сиз башында криптовалютага инвестициялоо суроосуна кылдаттык менен мамиле кылышыңыз керек. Биржаларга «толугу менен» инвестиция кылбаңыз, алдамчылар сиз үчүн ачылган «жаңы мүмкүнчүлүктөр» үчүн насыя албаңыз. Бул узак мөөнөткө тоңдуруп же олуттуу кесепеттери жок жоготууга даяр болгон каражат гана инвестициялоо үчүн жакшы.
Досторуңуз же телеграм каналдар аркылуу криптовалютаны жабык сатып алуу жана сатуудан этият болушуңуз керек. Сиз асмандагы кирешелерди убадалаган ар кандай сунуштарга карата өзгөчө ыкылас болуу зарыл. Көп учурда алдамчылар тез эле байып кетүүнү көздөгөн адамдардын аң-сезиминен пайдаланышат.
Кыргызстанда санариптик активдерди алмаштыруу жайлардын кеңири тармагы бар. Ишенимдүү платформаларды тандап, алданып калбоо үчүн лицензиясы бар операторлор менен гана иштөө маанилүү. Мисалы, xbt.kg, анын жардамы менен сиз криптовалютаны Бишкекте да, республика боюнча да коопсуз сатып алып, сата аласыз. Ачык, лицензия менен жана мыйзамга толук ылайык иштегендердин гана кызматы менен колдонуңуз.