Өкмөттүн Бишкектеги окуу жайлардагы сабактардын башталуу убактысы боюнча токтому парламентте сынга кабылды. Бүгүн, 11-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар депутаттар нааразы болуп, маселени кайра карап чыгуу керектигин айтышты.
Депутат Дастан Бекешев өзүнүн дарегине көптөгөн жарандардан кайрылуу келип жатканын айтты.
"Бишкекте тыгын өтө чоң болуп атат. Өкмөт студенттер саат ондо сабакка барсын деп токтом чыгарган. Бирок экинчи смендегилер да бар. Алар 8-9га чейин окуп жатышат. Тыгындар эми 9 жарымга чейин болуп калды. Силер тыгындарды дагы үч саатка эмнеге созуп жатасыңар?", - деп суроо салды Бекешев өкмөттүн өкүлүнө.
Ошондой эле ал бул токтомду жокко чыгаруу керектигин айтып, студенттерди "эксперимент" кылганды токтотууга чакырды.
Аны төрага Нурланбек Шакиев да кубаттап, ага да көптөгөн кайрылуулар келип жатканын белгиледи.
"Окуучулар сабакка 7де барыш үчүн 6да туруш керек. Кичинекей бөбөктөр таң атпай туруп, кечки саат 8-9га чейин окуп, кечки тамактануусу түнкү 10-11ге чейин болууда. Бул маселени Министрлер кабинети эртерээк чечиши керек. Муну эксперимент катары карабай эле койсоңор болмок экен", - деди Шакиев.
Төраганы улай эл өкүлү Марлен Маматалиев да кошумчалап, ата-энелер эки убара болуп жатканын айтты.
"Балдар 7 жарымда окуса ата-энеси сабакка алып барып, үйгө кайра келип, анан жумушка кетет. Мурда жумушка баратып эле таштай кетишчү. Бул чечим туура эмес. Анын үстүнө кичинекей балдар таңкы 6да туруп кыйналып жатат", - деди Маматалиев.
Белгилей кетсек, июлдун соңунда Министрлер кабинети жаңы окуу жылында Бишкектеги жогорку окуу жайларда, кесиптик лицейлерде жана колледждерде сабактарды 10:00дөн кийин, ал эми мектептердеги сабактарды саат 8:00гө чейин баштоо тууралуу токтом чыгарган.
Мындай чечим шаардагы жол тыгынды жоюу максатында кабыл алынганы айтылган.