Парламенттин төрт комитети президент суранган мыйзамды жабык кароого өттү

Бүгүн, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин төрт комитети "Административдик-аймактык реформа боюнча" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун жабык эшик артында карап жатат.

Жалпы жыйында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов аталган мыйзамды кезексиз күн тартибине киргизүүнү суранды. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров парламенттен маселени кечиктирилгис тартипте, үч окууда жабык эшик артында кароону суранган. Ошондой эле ал мыйзамдагы өзгөртүүлөр Баткен облусуна тиешелүү экенин белгиледи.

Мындан улам мыйзам долбоорун парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү, Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитеттери жабык эшик артында кароого өттү.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин 20-июндагы жыйынында "Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө" мыйзам долбоору дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. 19-июлда аталган мыйзамга Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, депутат Миргүл Темирбаева парламенттин 20-июндагы жыйынында Баткен облусунда жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформа мыйзамсыз болгонун айткан. Ал облуста реформа Баткенде чек ара маселелери чечилгиче ААР жүргүзүлбөсүн деген президенттин жарлыгына карабастан жүргүзүлүп жатканын белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан