ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттеринин өкүлдөрү Балыкчыдагы аскердик машыгууга байкоо салды

Бүгүн, 11-сентябрда Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) "Өз ара аракеттенүү-2024" командалык-штабдык машыгуусу өттү.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиргендей, эл аралык иш-чарага Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттеринин төрагалары да байкоо салды.

Машыгууда Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын аскердик контингенттери катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан