Кыргызстандын тогуз коргоол боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 4 медаль жеңишти. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Медалга ээ болгондор: Марлис Дуулатбеков 2-орунду ээлесе, Сырттан Сыргак, Азиза Жамансатарова жана Алтынай Шамбетова коло медалды алышты.
Белгилей кетсек, курама команданы башкы машыктыруучу Нурия Султанмуратова жетектеди.