Көк бөрү федерациясы: "Биз калыстык жактан адилетсиз болорун билсек да келдик"

Көк бөрү федерациясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына "калыстык жок болорун билсе да" келишкенин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 12-сентябрда федерациянын социалдык тармактагы расмий баракчасында жарыяланды.

"Биз калыстык жактан адилетсиздик болорун билсек да келдик. Ошондуктан келген күндөн баштап эле, уюштуруучуларга "адилет, калыс оюн куруп бергиле" деп улам-улам айтып келе жатканыбызды эми түшүнүп жатсаңыздар керек.

Катышпай коюу тууралуу ойлонгон да жокпуз. Себеби Көчмөндөр оюндары биздин өлкөдө жаралып жаткан соң, Кыргызстан баардык спорттун түрлөрүнө катышабыз деп келгенбиз. Биздин аттар жана балдар күчтүү экенин атаандаштар жакшы билишет. Бизди токтотуунун бир гана жолу бар эле, тилекке каршы уюштуруучулар ошол жол менен кетишти.

Биз чөкпөйбүз, өлкөбүзгө башты бийик көтөрүп кирип барабыз, анткени Кыргызстандын жер улакчылары теңдешкис мыкты экендигин бүт ааламга далилдеди", - деп жазылат анда.

Белгилей кетсек, Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улактын финалдык беттешинде Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жиберген. Мындан улам чыр чыгып, биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт калганда оюн токтотулуп, 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учурады. Алгачкы бөлүк 3:1 айырмачылыгы менен кыргыз курмасынын пайдасына аяктады.

Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп саны 4:4кө теңелди. Мындан улам жер улактын эрежеси боюнча кошумча 10 мүнөт убакыт берилди.

Кошумча убакытта казак улакчысы калыстын ышкырыгы жаңырганга чейин эле эңкейип улакты алып кетти, калыс да оюнду токтоткон жок. Мындай калпыстыктар оюндун жүрүшүндө көп эле болуп жатты. Анда Казакстандын командасы биринчи болуп улак салып, 4:5 эсебинде жеңүүчү аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан