Камчыбек Ташиев алтын кенге берилген 23 лицензия артка кайтарылгандыгын айтты (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев кечээ, 13-сентябрда Сокулук районунундагы борбордук стадиондун жана заманбап спорт комплексинин курулушуна старт берип жатып, коррупциялык багыттагы жүрүп жаткан иштер жана пайдалуу кендерди казууга уруксат берген лицензиялар туурасында кенен токтолду.

Ташиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин жалпы эмгек жамааты, аймактардагы бөлүмдөрү менен чоң жыйын өткөрүп, коррупциялык элементтерди болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн айтты. Жана да бир нече лицензиялар артка кайтарылганын кошумчалады.

“Мамлекеттин тегерегиндеги кен байлыктар жөндөн жөн казылбашы керек. 23 алтын кендин лицензиясын артка кайтардык. Пайдалуу кендерди казууга уруксат берилип, ээлери бири бирине сатып, чырмалышкан мафия болуп кеткен. Чет элдиктер келип казганы, мамлекетке бир дагы пайдасы жок. Мамлекеттин байлыгы элге таандык. Азыр биздин уруксатыбыз жок 1 килограмм да алтын сыртка чыкпайт. Мурун каалагандай калчашкан”, - деп белгиледи Ташиев.

Ошондой эле атайын кызматтын башчысы коррупция менен күрөшүү кыйын экендигин белгилеп, аягына чыгууну убадалады.

Белгилей кетсек, УКМК мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев менен Геология жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттигинин мурдагы директору Мелис Сатыбековдун кармагандыгы айтылган. Аларга лицензияларды мыйзамсыз берүү жана коррупцияга шектелип жаткандыгы кошумчаланган.
Камчыбек Ташиев алтын кенге берилген 23 лицензия кайтарылып алынганын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан