Ош облусунун ички иштер башкармалыгын кызматкери Нурзат Бактияр кызы Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында спорттун "алыш күрөшү" боюнча экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды. Бул туурасында Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милициянын майору мелдешке 65 кг салмактагылар арасында катышкан. Алгачкы атаандашы Болгария өлкөсүнүн спортчу кызын 6:0 эсебинде жеңген. Экинчи атаандашы голландиялык спортчу менен таймашка чыгып, 8:2 эсебинде уткан. Чейректик финалда казакстандык балбан кызды 6:0 эсебинде утуп, финалга чыккан. Ал эми финалда Өзбекстандын спортчусу менен кез келип, экинчи орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Кошумчалангандай, Нурзат Бактияр кызы көчмөндөр оюндарына 4-ирет катышып жатат. 2016-жылы Алыш күрөшү боюнча 70 килограммдык салмакта 2- орунга ээ болгон. 2018-жылы 65 килограммдык салмакта 1-орунду багындырган. Ал эми 2022-жылы Түркия мамлекетинде 70 килограммдык салмакта 1-орунду ээлеген.
Нурзат учурда Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн өздүк курам менен иштөө жана кесиптик даярдык боюнча бөлүмчөсүнүн улук тескөөчүсү кызматында эмгектенип келет.
Белгилей кетсек, V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кечээ, 13-сентябрда жыйынтыкталып, Кыргызстан курама командасы жалпы 65 медаль
алышкан.