Рамис Кудайбергенов жер улактагы казак-кыргыз оюнунда канча эреже бузуу болгонун тизмектеди (видео)

Казакстандагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн жер улактын финалында 14 эреже бузуу болгон. Бул тууралуу өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул эреже бузуулар видеодон көрүп далилдей ала тургандары гана.

"Оюндагы тизгинден, колдон кармоолорду эске алган жокпуз. Видео кайталоодон 14 чоң эреже бузууну көрдүк. Негизи оюн учурунда эреже бузуулар көп болду. Бирок биз видеодон көрүп далилдей ала турган 14 эпизодду көрүп чыктык. Биринчи бөлүктө одоно эреже бузулган 4 эпизод катталса, экинчи таймда 10 эпизод катталган.

Оюндун биринчи бөлүгүнүн бүтөрүнө 9 мүнөт калганда жекеме-жекеде биздин улакчыны моюнунан тартып, эреже бузганын бардык дүйнө көрдү. Эрежеге ылайык, ал 5 мүнөткө оюндан четтетилмек, бирок биз ага унчуккан жокпуз. Мындан тышкары Манас Ниязовду чийин тегерегине жакындаганда колунан да, бутунан да тартканын көрдүңөр. Буга дагы көз жумуп койдук. Кубаныч Султан уулу үчүнчү салымды салганда камчы менен чабышты. Казак тарап муну сөгүнгөндөн кийин чаптык деп жатышат. Эреже боюнча сөгүнсө дагы чапкан болбойт. Бирок бул логикага туура келбеген нерсе, оюнчу салым салып жатканда сөгүнгөнгө убактысы болбойт", - деди ал.

Ошондой эле Кудайбергенов эки мүнөттүн ичиндеги төрт эреже бузуунун үчөөсү бир оюнчу тарабынан болгонун, андыктан эреже боюнча "ал кызыл айып кагазы менен оюндан четтетилиши керек болчу" дейт.

Эске салсак, 12-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз улакчылары казак атаандаштарына 4:5 эсебинде жеңилип калган. Биринчи таймда эки команданын ортосунда чыр чыгып, оюн 15 мүнөттөй үзгүлтүккө учураган.

Көк бөрү федерациясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар мелдешинин финалдык беттешинин жыйынтыгына нааразычылык билдирген.

16.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан