Бишкектин түштүгүндө MEGAнын жаңы тейлөө жана сатуу борбору ачылды

Абоненттердин ыңгайлуулугуна жана мобилдүүлүгүнө кам көрүп, MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору өзүнүн филиалдык тармагын кеңейтүүнү улантууда.

Ишемби күнү, 14-сентябрда Бишкек шаарында Юнусалиева 185/1 дареги боюнча жаңы Тейлөө жана сатуу борборунун (ТСК) эшиги ачылды.

Бул борбор Ортосай базарынын аймагында жайгашкандыктан, борбор калаанын түштүк аймагынын тургундары жана коноктору үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу. Бул жерден кардарлар MEGA тармагына кошулуп, байланыш кызматтары, жаңы тарифтик пландар жана компаниянын кызматтары боюнча адистерден квалификациялуу кеңеш ала алышат.

Ачылыш аземинде MEGA компаниясынын өкүлдөрү бул борбор компаниянын тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча узак мөөнөттүү стратегиясынын бир бөлүгү экенин белгилешти. «Биз кардарларыбызга жакыныраак болууга жана кызматтарыбызды колдонууда максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылууга умтулабыз. Жаңы ТСК - деңгээлин жогорулатууга жана колдонуучуларыбыздын керектөөлөрүн канааттандырууга жасалган кадам болуп саналат», - деп бөлүштү компания.

MEGA компаниясы өлкөнүн бардык аймагында Тейлөө борборлорунун тармагын мындан ары кеңейтүүнү пландаштырууда, бул ар кайсы аймактардын тургундарына алдыңкы кызматтарга жана технологияларга жетүүгө мүмкүндүк берет.

Сатуу жана тейлөө борборлорунун толук тизмесин компаниянын расмий сайтынан тапса болот.

MEGA - ӨЗYБYЗДYН байланышты танда!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан