Көк бөрү федерациясы казак улакчыларын Ысык-Көлгө оюнга чакырды

Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев 1-ноябрда Ысык-Көлдө оюн өткөрүү үчүн казак тарапка чакыруу жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйында айтты.

Ал Казакстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы финалдык беттеш эки элдин араздашуусуна алып келбеши керектигин белгилеп, андыктан "Биримдик" кубогу уюштурулуп жатканын айтты.

"Көкпар федерациясы менен кызматташууга даярбыз. Казакстанга расмий түрдө 1-ноябрга Ысык-Көлгө чакыруу жөнөттүк. Мындайча айтканда, "Биримдик" кубогу өткөрүлөт. Көчмөндөрдө көкпар менен көк бөрүдө ойногон курама командасы менен келет. Бул жөн гана спорт болгондон кийин эки элдин ортосунда ар кандай туура эмес ой-пикирлер болбосун. Эки элдин ынтымагы үчүн амбицияны сыртка таштап, бардык кадамдарга барганга даярбыз", - деди Жунусалиев.

Ошондой эле ал коопсуздук үчүн оюн күйөрмандарсыз өтөрүн жана беттешке башка өлкөнүн өкүлү калыстык кыларын кошумчалады.

Эске салсак, 12-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз-казак улакчыларынын ортосунда чыр чыгып, оюн үзгүлтүккө учураган. Беттеш кайра улантылып, жыйынтыгында казак тарап 5:4 эсеби менен жеңип кеткен. Мындан улам социалдык тармактарда кызуу талкууга алынып, казак тараптын жасаган адилетсиздиги үчүн нааразычылыктар айтылган.

16.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан