Кыргызстандын грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандары Казакстандын Атырау шаарында өтө турган "Oil Capital Cup" эл аралык мелдешине катышат.
Кыргызстандын атынан бул мелдешке 16 спортчу барат. Турнир бүгүн, 17-сентябрда башталып, 20-сентябрда жыйынтыкталат.
Биринчилерден болуп килемге грек-рим балбандары чыгат.
Грек-рим балбандары:
Акыл Сулайманов жана Нурмухаммед Абдуллаев (60 килограмм);
Раззак Бейшекеев жана Аманат Самат уулу (67 килограмм);
Адилхан Нурланбеков жана Имур Темирбеков (72 килограмм);
Ырыскелди Максатбек уулу (77 килограмм);
Бекзат Орункул уулу (82 килограмм);
Нурманбет Райымалы уулу (97 килограмм);
Эрлан Манатбеков (130 килограмм).
Эркин күрөш боюнча балбандар:
Алмаз Сманбеков, Бекболот Мырзаназар уулу (61 килограмм);
Улукбек Жолдошбеков (65килограмм);
Эрназар Акматалиев, Өмүрбек Таалайбек уулу (70 килограмм);
Нуртилек Карыпбаев (86 килограмм).