Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Астана шаарында Германиянын бизнес-делегация өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бизнес-делегация мүчөлөрүнүн көңүлүн кыргыз тарап менен гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү, ошондой эле логистика тармагында кызматташуунун потенциалына бурду. Ошондой эле Германиянын логистикалык компанияларына Кыргызстандагы стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууну сунуштады.
Жапаров климаттык чакырыктарга байланыштуу заманбап суу сактагычтарды куруу, ирригациялык системаларды модернизациялоо жана механикалаштырылган жана тамчылатып сугаруу технологияларын киргизүү боюнча долбоорлор стратегиялык кызыкчылыкты жаратарын белгиледи.
Өз кезегинде германиялык делегация эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, анын ичинде энергетика, гидроэнергетика, логистика, өнөр жай, Германияда Кыргызстандын жаштарына кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө германиялык бизнестин кызыгуусу артып жатканын билдирди.
Жолугушуунун аягында президент Жапаров Кыргызстан германиялык бизнес менен активдүү диалогго ачык экенин баса белгилеп, өлкөдө бизнес жүргүзүү үчүн шарттарды жакшыртууга даяр экенин айтты.