Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун жолдомосу үчүн ойнойт  

Бишкекте 25-29-сентябрь күндөрү Дөлөн Өмүрзаков стадионунда футбол боюнча жаштар арасында 2025-жылкы Азия кубогуна тандап алуу оюндары орун алат. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаштар курамасын Мирлан Эшенов жетектейт. Курама команда "I" тайпасында жайгашкан Мьянма, Түркмөнстан жана Жапония курамалары менен кез келет.

Белгилей кетсек, тандап алуу оюндарына жалпы 10 тайпага бөлүнгөн 45 курама команда катышат.

"Азия биринчилигинин финалдык бөлүгүнө тайпанын жеңүүчүсү жана тайпада эң мыкты көрсөткүчтөр менен экинчи орунду ээлеген алты курама жолдомо алат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан