Астанада өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы кыргыз-казак улакчыларынын жер улак оюну кызуу талкуу жаратты. Мындан улам “Ынтымак” командасынын оюнчусу Өмүрбек Эсен уулу жана команданын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров менен маектешип, оюндун жүрүшү боюнча сурап билдик.
Улакчылардын айтымында, экрандан көргөн адилетсиздик 10 пайызы гана, ат майданда тоскоолдуктар мындан да көп болгон. Ошондой эле алар бул оюн экенин 10-15 киши үчүн жалпы улутту жаман көрүү туура эместигин билдиришти.
"Казакстан жалпы көчмөндөр оюндарына жакшы даярданышыптыр, мыкты деңгээлде өттү. Оюндар жакшы болду. Финалга чейин жакшы оюн көрсөттүк. Финалда калыстар, оюнчулар тарабынан бир аз катачылыктар, эреже бузуулар болду", - дейт Өмүрбек Эсен уулу.
Ал эми команданын жетекчиси жер улак оюнуна 100 пайыз даярдык менен барышканын, бирок ал эрежелер сакталбаганына токтолуп өттү.
"Көчмөндөр оюнун жакшы уюштурушуптур. Жаңы ат майданы модернизациядан өтүптүр, болгону оюн талаасы көрүүчүлөрдөн бир топ эле алыстыкта жайгашкан экен. Ал эми көкпар боюнча айтсак, жалпы оюнга 9 команда катышты. Жалгыз биз кыргыздар өзүбүздүн аттар менен бардык, калгандарга аттарды даярдап беришти. Менин оюмча, оюн таза болгондо көкпарда жеңиш, балким, биз тарапта болмок, эреже бузуулар көп болду. Финалга чейинки оюндарда тартипти дрондор карап жаткан, бирок финалда эмнегедир дрондор дагы болгон жок.
Эки ай мурда федерациядан 3 калыс барып, эрежелерин толук окуп келишкен. Машыгуулардын жүрүшүндө эрежелерди толугу менен үйрөтүшкөн. Биз 100 пайыз эрежелерге даярданып барганбыз. Негизи оюнда анча-мынча эреже бузуулар болот деп, ошого даярданып бардык. Бирок одоно эреже бузуулар көп болду", - дейт команданын жетекчиси Эрлан Абдыкапаров.
Маекти толугу менен SUPER.KG порталынын Ютуб каналынан көрүңүздөр.